• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда бардык телеканалдардын мониторинги жүргүзүлөт

Коом 0

Бишкек, 02.10.18. /Кабар/. Кыргызстанда телерадиокөрсөтүү үчүн 553 лицензия берилген. Анын 119у телерадиоуюмдарга, 412си өзүнүн көрсөтүү пакетин түзгөн телеканалдарга берилген. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова билдирди.

Ал Маданият министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти бардык телеканалдарга үч күндүк эфирдин жазылганын жана мыйзамда көрсөтүлгөндөй телекөрсөтүүлөрдүн каттоосун берүүсүн суранып кат даярдап жатканын кошумчалады.

“Мыйзам боюнча телеканалдар эфирдин 30 күнүнүн жазылганын сактап, каттоого киргизиши керек. Эфирдин үч күнү тууралуу маалыматты алган соң биз анализ жүргүзөбүз”, - деди ал.

Темирбекова бүгүнкү күнгө карата мыйзам күчүнө кирген күндөн тарта, 2017-жылдын 12-августунан бери автордук укуктун бузулгандыгы тууралуу арыз менен бир кайрылуу түшкөн.

“Бизге КТРКнын өкүлдөрү кайрылышты. Алар өздөрү жасаган контент башка телеканалдын оператору тарабынан колдонулганын билдиришкен. Андан тышкары Телерадиоуюмдардын ассоциациясынын жарнама мыйзамын бузуу жөнүндө оозеки арызы бар”, - деп кошумчалады ал.

Айнура Темирбекова телеканалды лицензия бергенден кийин бир жыл өткөн соң текшерүүгө мүмкүн экендигин айтты.

“Бирок эгерде юридикалык уюмдардан же физикалык жактардан арыз түшсө, текшерүүнү каалаган убакта жүргүзсө болот”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий