• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда “Барына узун өмүр” урааны астында Европалык эмдөө жумалыгы старт алды

Ден соолук 0

Бишкек, 11.05.22. /Кабар/. КР Саламаттык сактоо министрлиги Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) колдоосу менен Кыргызстанда 11-майдан 18-майга чейин “Барына узун өмүр” урааны астында Европалык эмдөө жумалыгын өткөрөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Ахматова билдирди.

Анын айтымында, эмдөө иш-чаралары жетүүгө кыйын жана алыскы аймактарга, ошондой эле эмдөөдөн өтпөгөн калкка медициналык кызмат көрсөтүүгө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жетүүгө багытталат.

"Европалык эмдөө жумалыгынын алкагында өлкөнүн бардык аймактарында балдарга жана чоңдорго пландаштырылган жана толуктоочу иммундаштырууну жүргүзү үчун 65 мобилдик бригада ишке тартылды. Ошондой эле коңшу Тажикстанда кызамык оорусунун чыгышына байланыштуу биз эмдөө жумалыгында кызамыкка каршы эмдөөгө көңүл бурабыз жана республикага бул ооруну келтирбөөнүн алдын алуу үчүн бардык зарыл чараларды көрөбүз", - деди ал.

Акматова Кыргызстанда балдар үчүн вакциналардын баары БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) аркылуу ДСУнун алдын ала квалификациясынан өткөн дүйнөнүн мыкты өндүрүүчүлөрүнөн сатып аларын кошумчалады.

ДССУнун өлкөдөгү кеңсесинин өкүлү Жанара Бекенова белгилегендей, вакцина саламаттык сактоонун экономикалык жактан натыйжалуу инструменттеринин бири болуп саналат: балдарды эмдөөгө сарпталган ар бир сом 3 миң сомго чейин киреше алып келет.

"Иммундаштыруу дифтерия, селейме, кызамык, полиомиелит, көк жөтөл, вирустук гепатит В, паротит сыяктуу жугуштуу оорулардан коргойт, алардын бардыгы өлүмгө же майыптыкка алып келиши мүмкүн", - деп белгиледи ал.

Ошондой эле ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы байланыш бөлүмүнүн башчысы Сема Хоста 20 жылдан бери вакциналар тарыхтагы башка медициналык инновацияларга караганда көбүрөөк адамдардын өмүрүн сактап калганын айтты.

"Бул чоң жетишкендик. Вакциналар жыл сайын 3 миллионго чейин баланын өмүрүн сактап калат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий