• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда басмаканалар жана полиграфтар арасында “Китеп искусствосу - 2017” сынагы жарыяланды

Маданият 0

Бишкек, 20-март /Кабар/. Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги басмакана жана полиграфия мекемелери арасында 23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө арналган китеп басып чыгаруу жана полиграфия тармагындагы сынак жарыялады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматы боюнча, сынак төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлөт:
- «θнɵр» - жогорку көркөм жана полиграфиялык деңгээлде жасалган искусство, фотоальбом, көркөм өнөр, миниатюралык басылмалар кабыл алынат;
- «Жеткинчек» - заманбап проза, поэзия жана балдар менен өспүрүмдөрдүн таанып-билүүчү адабияты боюнча көркөм-иллюстрациялуу басылмалар кабыл алынат;
- «Мурас» - тарыхый-маданий мурас, рухайний баалуулуктар, байыркы элдик жөрөлгөлөр жана салттар чагылдырылган басылмалар;
- «Замандаш» - азыркы замандын мүнөздүү белгилери толук кандуу сүрөттөлгөн, заманбап образдар айкын түзүлгөн жана окурмандардын суроо-талабына жараткан басылмалар кабыл алынат;
- «Илим» - фунтаменталдык жана окуу-педагогикалык илимдер, изилдөөлөр, жаңы технологиялар, адистештирилген, илимий-популярдуу, маалымдама-энциклопедиялык мүнөздөгү басылмалар;
- «Чеберчилик» - китеп графикасынын мыкты ыкмалары менен жасалган иллюстрациялуу, өзгөчө көркөм-жасалгалуу басылмалар;
- Гран-При «Алтын мукаба» - ар түрдүү тематикадагы сынак жылында улуттук китеп басып чыгаруу ишинде, китеп коомчулугунда маанилүү окуяга айланган фунтаменталдуу басылмалар кабыл алынат.
Китептерди кабыл алуу 2017-жылдын 17-апрелине чейин, Бишкек ш. Абдрахманов көчөсү 170а. 27-каб. дареги боюнча КРнын Мамлекеттик китеп палатасында жүрөт. Тел.66-57-25, 66-03-62, 62-04-71

Пикир

Оставить комментарий