• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда базарларда дары-дармек сатууга каршы программа иштелип чыгууда

Коом 0

Бишкек, 16.08.22. /Кабар/. Кыргызстанда дары-дармекти базарларда сатууга каршы программа иштелип чыгууда. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков билдирди.

Анын айтымында, азыр деле дары-дармекти көчөлөрдө жана базарларда сатуу боюнча көйгөйлөр бар. Бул маселени чечүү үчүн Дары-дармек менен камсыздоо департаменти маркалоо жана электрондук көзөмөлдөө программасын иштеп чыгууда.

“Бул программа ар бир таблетканы, имплантты жана протезди көзөмөлдөөгө жардам берет. Эгерде дары-дармектер кайрадан көчөдө сатылса, ыйгарым укуктуу өкүл QR-код аркылуу текшерүү учурунда партия кайсы дарыканага таандык экенин, жеткирүүчү ким экенин жана башкаларды биле алат. Ушул эки инструменттин гана жардамы менен биз дары-дармекти көчөдө же базарда сатууну алдын ала алабыз”, - деди министрдин орун басары.

Ал сентябрдын аягында – октябрдын башында программаны пилоттук режимде иштетилип, ал эми жыл аягында толугу менен ишке киргизилерин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий