• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда бейтапканалар өзгөчө абал алынгандан кийин иштей баштайт – Саламаттык сактоо министрлиги

Ден соолук 0

Бишкек, 30.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда бейтапканалар өзгөчө абал алынгандан кийин иштей баштайт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын бөлүм башчысы Кубанычбек Калмаматов билдирди.

Анын айтымында, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу медициналык мекемелердин жарандарды пландуу түрдө кабыл алуусу чектелген. Учурда алар шашылыш кайрылуулар боюнча иштеп жатышат.

"Медициналык мекемелер өлкөдө өзгөчө абал алынгандан кийин иштей баштайт", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 30-апрелге карата коронавирус жуктурган 17 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 746ны түзөт. Алардын ичинен 462 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 8 адам каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий