• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда бензиндин баасы 5-6 сомго арзандашы күтүлүүдө

Экономика 0

Бишкек, 25.01.23. /Кабар/. Кыргызстанда бензиндин баасы 5-6 сомго арзандашы күтүлүүдө.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик кызматынан билдиришкендей, 2023-жылдын январынан тарта бензин тобундагы күйүүчү майдын дүң баасында төмөндөө тенденциясы байкалды. Бул чекене баага дагы таасирин тийгизиши керек.

“Жакынкы айларда бензин 5-6 сомго арзандашы мүмкүн. Ошондой эле нефтетрейдерлерде күйүүчү-майлоочу майлардын 1-1,5 айлык запасы болушу керектигин эске алуу зарыл”, - деп айтылат маалыматта.

Монополияга каршы кызматы күйүүчү-майлоочу майлардын баасын турукташтыруу жана себепсиз көтөрүүгө жол бербөө үчүн бардык чараларды көрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий