• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстанда бензин кайрадан кымбатташы мүмкүн

Экономика 0

Бишкек, 03.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын сентябрынан тартып Кыргызстандын нефтетрейдерлери Россиянын нефтини кайра иштетүүчү заводдорунан күйүүчү-майлоочу майларды ала баштайт. Анын экспорттук бажы алымы тоннасына 19,3 долларды түзөт. Бул тууралуу Кыргызстандын нефтетрейдерлер союзунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, беш жылдан бери Россия тараптан бензинге бажы алымдарын албастан белгилүү көлөмдө берилип келген. Бирок Кыргызстанда суроо-талап тынымсыз өсүүдө.

Мындай жагдай ушул жылдын август айында Россия менен Кыргызстандын өкмөттөрүнүн ортосундагы кызматташуу жөнүндөгү макулдашуунун алкагында 2021-жылга индикативдик баланс боюнча республикага мунай жана мунай продуктуларын жеткирүү түгөнгөн.

Нефтетрейдерлер союзу буга чейин Энергетика жана өнөр жай министрлигине мунай продуктуларынын көлөмүн көбөйтүү боюнча кайрылган.

Энергетика жана өнөр жай министрлиги ушундай суроо менен Россиянын Энергетика министрлигине кайрылган. Бирок Россия ички рыноктогу ресурстардын чектелгендигин жана экспортко чектөө киргизүү мүмкүндүгүн айтып, мунай продуктуларынын көлөмүн кайра кароодон баш тартты.

Бажы алымына байланыштуу бензин литрине 1,3-1,7 сомго кымбатташы мүмкүн.

“Буга байланыштуу нефтинин балансындагы (50 миң тонна) жана дизелдик отундун балансындагы (50 миң тонна) колдонулбаган бензиндин көлөмүнүн эсебинен кайра бөлүштүрүү зарыл. Мындай чара ата мекендик компанияларга экспорттук бажы алымынын ставкасын эске албастан дагы үч ай бензин алууга мүмкүндүк берет”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий