• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда бензин жана өсүмдүк майы арзандады. Эмнелер кымбаттады?

Экономика 0

Бишкек, 02.03.23. /Кабар/. Февраль айында Кыргызстанда бензин, дизель майы жана өсүмдүк майынын баасы арзандады. Мындай маалыматтар Улуттук статистикалык комитеттин 1-февралдан 28-февралга чейинки мезгилге баа мониторинги бөлүмүндө келтирилди.

Маалыматка ылайык, февраль айынын башынан бери өлкөдө А-95 жана А-92 үлгүсүндөгү бензиндин орточо баасы 2,21 сомго жана 2,31 сомго арзандады. Үстүбүздөгү жылдын башынан бери 5,57 жана 6,99 сомго чейин арзандады. Өткөн айда А-80 үлгүсүндөгү бензиндин орточо баасы 3,72 сомго арзандаса, жыл башынан бери 7 сомго арзандаган. Дизель майы февраль айында 16 тыйынга, январь айынан бери 70 тыйынга арзандады.

Ошондой эле өткөн айда өлкөдөөсүмдүк майы 1 сомго, ал эми жыл башынан бери анын баасы 4 сомго арзандаган. Республикада күрүч, эт, жумуртка жана чай кымбаттады:

• орто дан күрүч 5,4 сомго, узун дан күрүч дээрлик 3 сомго (жыл башынан бери алардын баасы 13 жана 5 сомго чейин кымбаттаган);

• кой эти 4 сом;

• жылкы эти 2 сомго;

• 10 даана жумуртка 1 сомго (январдан бери баа 2 сомго);

• кара узун жалбырактуу чай 1 сомго (жыл башынан бери 2 сомго).

Пикир

Оставить комментарий