• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстанда беткап өндүрүү пландалууда – Саламаттык сактоо министрлиги

Коом 0

Бишкек, 06.03.20. /Кабар/. Кыргызстанда беткапты өндүрүү пландалууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков билдирди.

Исаковдун айтымында, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы өлкөдөн 1,5 млн даана беткапты чыгаруу боюнча фактыны аныктаган. Учурда аны конфискация кылуу иштери жүрүүдө, кийин медициналык мекемелерге жиберилет.

"Учурда беткаптарды өндүрүү боюнча жабдууларды өлкөгө алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө", - дейт Исаков.

Ал белгилегендей, учурда саламаттык сактоо уюмдарында 468 миң 176 беткап бар.

Пикир

Оставить комментарий