• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстанда Конституцияга ылайык бийлик тынчтык жолу менен өткөрүп берилди - Жапаров

Өкмөт 0

Бишкек, 29.10.20. /Кабар/. Кыргызстанда Конституцияга ылайык бийлик тынчтык жолу менен өткөрүп берилди. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында КР президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров билдирди.

Ал белгилегендей, бул элдин саясий жана маданий аң-сезими өзгөргөндүгүнөн кабар берет.

“Биз эми иштешибиз гана керек”, - деди ал.

Ошондой эле Садыр Жапаров октябрдын башында болгон саясий окуялардын себеби өкмөттүн начар иштеши жана 4-октябрдагы парламенттик шайлоо болгондугун билдирди. Буга байланыштуу ал бардык күчтөрдү бириктирип, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн бир багытта иш алып баруу керектигин белгиледи.

Атап айтканда, бул экономиканын абалын турукташтыруу жана бюджеттин тартыштыгын жоюу жана коррупцияга каршы күрөшүү негизги маселелер экендигин айтты.

Премьер-министр экинчи маанилүү багыт катары коррупцияга каршы чабал күрөштү атады.

“Эмне үчүн бажы тармагынан киреше түшпөйт? Жол курууга ири насыялар алынган. Бирок эмне үчүн бизде жолдор начар? Дүйнөдө "наркобарондор" бар, бизде "энергобарондор" болуп атат. Энергетика тармагында ал жерде пайда болгон коррупцияны жок кылуу аракети жок. Бирок анын дагы чеги болот. Текшерүүлөр бар. Бийлик алмашкан күндөн тарта катуу жооп берип каласыздар”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий