• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда биометрикалык паспорт качан бериле баштайт? - МККнын жообу

Коом 0

Бишкек, 04.02.20. /Кабар/. Бүгүн КР Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) төрагасы Алмаз Мамбетов менен АКШнын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Дональд Лу жолукту. Бул тууралуу КР МККнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар кыргыз жарандарына карата АКШ тарабынан киргизилген визалык чектөөгө байланыштуу маселени жана Кыргызстанда жалпы жарандык биометрикалык паспортторду берүүнүн жүрүшү тууралуу кеп кылышкан.

Мамкаттоонун төрагасы өз сөзүндө айткандай, паспортторду мыйзамсыз берүүгө бөгөт коюу боюнча аталган кызмат тарабынан акыркы жылдары көп жумуш жасалды.

"Ошондой эле биометрикалык паспортторду берүүнү тездетүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу элчиге маалымдалды. Элчи өз кезегинде АКШ иммиграциялык визага жана грин-картага (Diversity Visa) чектөө киргизилгендигин баса белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун жүрүшүндө МККнын төрагасы маалымдагандай, Кыргызстанда жалпы жарандык биометрикалык паспорттор 2021-жылдан тарта бериле баштамакчы.

Пикир

Оставить комментарий