• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда эт бир айда 11%га кымбаттады. Антимонополия агенттиги анын себебин түшүндүрдү

Экономика 0

Бишкек, 05.11.20. / Кабар/. Кыргызстанда бир ай ичинде эт 11%га кымбаттады. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин атаандаштык чөйрөсүн талдоо бөлүмүнүн башчысы Лариса Шустикова билдирди.

Анын айтымында, жыл башынан бери уйдун эти 21%га кымбаттаган. Ал эми акыркы жумада эттин баасы 2%га жогорулаган. Ошондой эле январь айынан бери кумшекер 13%га, өсүмдүк майы 33,9%га кымбаттаган (акыркы айда 8%га).

Ал баалардын кымбатташын түшүндүрүп жатып, кумшекер менен майдын баасынын өсүшү, алар сырттан алынып келгени менен байланыштуу экенин айтты. Негизинен алар Кыргызстанга Россия менен Казакстандан алынып келет.

“Россияда кант кызылчасынын түшүмү аз болгондуктан, кумшекердин баасы өскөн”, - деди ал.

Анын айтымында, кумшекердин баасы август айларында эле кымбаттайт деген божомол болгон.

“Соода түйүндөрү билдиргендей, алар сентябрь айына чейин мурда сатып алынган кумшекерлерди сатып, бааларды кымбаттатпай кармап келишкен. Биздин Кайыңды заводубуз иштеп баштады. Бирок биз өзүбүздү толук түрдө кумшекер менен камсыздай албайбыз”, - деди ал.

Ал эми этттин баасынын кымбатташы тууралуу айтып жатып, Шустикова ал нерсе Казакстандын эт жана тирүү малды өлкө сыртына сатууга киргизген чектөөсү менен байланыштуу экенин билдирди.

Ал белгилегендей, мамлекет бааларга байкоо салып жатат, бирок бааларды базардагы суроо-талап менен сунуш аныктап жаткандыктан ага кийлигише албайт. Ошентсе да эгер бир товардын баасы бир айдын ичинде 20%га (же андан ашса) кымбаттаса, анда мамлекет 90 күнгө мамлекеттик тескөө жүргүзө алат.

Пикир

Оставить комментарий