• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда бир апта ичинде унаа башкарган 229 мас айдоочу аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.05.22. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы бир аптада 17 миң 406 жол эрежесин бузуу аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Алардын ичинен:

- транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан ашкандыгы үчүн – 3378;

- транспорт каражаттарын тиешелүү документи жок башкаргандыгы үчүн – 242;

- транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузгандыгы үчүн – 6008;

- транспорт каражатынын айдоочусунун ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин транспорт каражатын токтотуу жөнүндө талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 25;

- Автоээнбаштык – 4;

- жөө жүрүүчүлөрдүн жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн – 1055;

- ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 111;

- жол белгилеринин, жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 5463;

- айдоочунун маңдайкы айнеги жана (же) алдыңкы эшиктердин каптал айнектери күңүрттөлгөн унааны башкаргандыгы үчүн – 55;

- мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 229;

- унаа токтотуучу жайга коюлду – 1011.

Пикир

Оставить комментарий