• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда бир аптада коронавирустун 29 учуру катталды

COVID - 19 0

Бишкек, 22.03.23. /Кабар/. Кыргызстанда 13-марттан 19-мартка чейинки аралыкта коронавирустун 29 учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирет.

Маалыматка ылайык, 29 адамдын 11и ооруканага жаткырылган.

"Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү саны бирден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат", - деп айтылат билдирүүдө.

2022-жылы жана 2023-жылдын 81 күнүндө жалпысынан COVID-19 коронавирустук инфекциясынын 22 миң 21 учуру катталды, анын ичинен 20 миң 10 (90,8%) учур лабораториялык жол менен тастыкталса, 2 миң 11и (9,2%) клиникалык-эпидемиологиялык жол менен тастыкталган.

Пикир

Оставить комментарий