• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстанда бир күн ичинде 12 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды

COVID - 19 0

Бишкек, 27.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир күн ичинде 12 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Бишкек шаарында 5, Ош облусунда 7 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган.

"6 медицина кызматкери коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды", - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда медицина кызматкерлеринин арасында коронавирус жуктурган жалпы 299 учур катталды. Анын ичинен 243 медкызматкер коронавирустан айыккан.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 27-майга карата коронавирус жуктурган 52 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1520ны түзөт. Алардын ичинен 1043 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 16 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий