• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда бир күн ичинде 18 өрт кырсыгы катталган

Кырсык 0

Бишкек, 19.11.19. /Кабар/. Кыргызстанда бир күн ичинде 18 өрт кырсыгы катталгандыгын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Чүй облусунун Ленин көчөсүндө “Volkswagen Golf-2” жеңил унаасы жана Ош облусунун Масалиев көчөсүндө "Daewoo Lanos" үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн.

Ош облусунун Кош-Коргон айылында жайгашкан турак үйдүн короосунда 40 боо жүгөрүнүн сабагы жана 0,5 тонна күрүч саманы күйгөн.

Сокулук районунун Зеленный көчөсүндө Жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 110 чарчы метр чатыры күйгөн. Ошол эле райондун Капалов көчөсүндөгү кондитердик цехтин 8 чарчы метр ички жыгач жасалгасы күйгөн. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Калган учурда таштанды, тезек жана куураган чөптөр күйгөн.

Пикир

Оставить комментарий