• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда бир күн ичинде 23 киши пневмониядан каза болду

Ден соолук 0

Бишкек, 03.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир күн ичинде 23 киши пневмониядан каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Штабдан билдиришкендей, учурда өлкөнүн ооруканаларында 1 миң 724 киши пневмониядан (коронавируска тапшырган анализдери таза чыккан) дарыланууда. Алардын ичинен 337 бейтаптын абалы оор, 112 киши реанимация бөлүмүндө жатат.

Өлкөдө март айынан бери 2508 адам ооруканадын тышкаркы пневмония менен ооруканага дарыланууга алынып, анын ичинен 664 киши айыгып чыккан, 120 бейтап каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий