• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кыргызстанда бир күн ичинде 47 медик коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 21.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир күн ичинде 47 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 9, Чүй облусунда 15, Ош шаарында 6, Ош облусунда 10, Баткен облусунда 4, Ысык-Көл облусунда 3 медкызматкер илдетке кабылды.

“Ал эми бир суткада 11 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 2 428 учур катталды, алардын ичинен 624 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 21-июлга карата коронавирус жана пневмония жуктурган учурлардын саны 28 миң 251ге жетти. Илдеттен жалпы 14 миң 776 жаран айыкса, каза болгондордун жалпы саны 1079ду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий