• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда бир күн ичинде 6 медицина кызматкери коронавирус жуктурган

COVID - 19 0

Бишкек, 14.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир күн ичинде 6 медицина кызматкери коронавирус жуктурган. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айымында, Бишкек шаарында 5, Ош шаарында 1 медицина кызматкери коронавирус жуктурган. Ошол эле учурда 3 медицина кызматкери коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган.

"Кыргызстанда жалпы 247 медицина кызматкери коронавирус жуктурган. Анын ичинен 192 медицина кызматкери ооруканадан айыгып чыкты", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий