• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда бир күн ичинде 6 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды

COVID - 19 0

Бишкек, 31.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир күн ичинде 6 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Бишкек шаарында 3, Ош шаарында 1 жана Нарын облусунда 2 медицина кызматкеринен коронавирус табылган.

Учурда Кыргызстанда жалпы 350 медицина кызматкери коронавирус жуктурган. Анын ичинен 249у коронавирустан айыккан.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 31-майга карата коронавирус жуктурган 26 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1748ди түзөт. Алардын ичинен 1170 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 16 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий