• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда бир күн ичинде 8 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 14.10.20. /Кабар/. Сутка ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 10 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Алсак, Бишкектин Киргизия-1 конушундагы №59 жыгач устундуу турак үйдүн 60 чарчы метр чатыры күйгөн.

Ош облусунун Өзгөн шаарындагы №21 турак үйдүн 24 чарчы метр жыгач шыбы күйгөн. Ал эми Кара-Суу районунун Тынчтык айылынын Н.Токтосунов көчөсүндө 100 чарчы метр болгон турак үй жана үй эмеректери толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу.

Пикир

Оставить комментарий