• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кыргызстанда бир күн ичинде коронавирус 207 кишиден табылды. Жалпы 3726

COVID - 19 0

Бишкек, 24.06.20. /Кабар/. 24-июнга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган жаңы 207 учур катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Бишкек шаарында 92 кишиден, Чүй облусунда − 35, Ош шаарында − 43, Ош облусунда − 28, Нарында – 5, Ысык-Көлдө – 2, Таласта – 1 жана Жалал-Абад облусунда 1 адамдан коронавирус табылган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 24-июнга карата коронавирус жуктурган 207 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 3726ны түзөт. Алардын ичинен 2082 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 42 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий