• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда бир күн ичинде коронавирус 447 адамдан табылып, 4 киши каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 21.11.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир күн ичинде коронавирус 447 адамдан табылып, 4 киши каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус 200 адамдан, Ош шаарында – 16, Чүй облусунда – 86, Ош облусунда – 25, Талас облусунда – 20, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 49, Жалал-Абад облусунда – 29, Баткен облусунда 17 кишиден табылган.

Ошол эле учурда 505 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 103, Ош шаарында – 24, Чүй облусунда – 113, Ош облусунда – 55, Талас облусунда – 15, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 59, Жалал-Абад облусунда – 53, Баткен облусунда 79 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Акыркы күн ичинде COVID-19 илдетинен 4 адам каза болгон: Бишкекте – 3 адам, Талас облусунда – 1 киши.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 3 миң 74 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 819 бейтап дарыланууда.

“Бир күн ичинде өлкө боюнча 19 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Стационарлардан 7 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 3 миң 806 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 533 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 69 миң 149 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 60 миң 294 киши айыгып чыкса, 1 миң 227 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий