• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда бир күн ичинде коронавирусту 5 медкызматкер жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 09.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир күн ичинде коронавирусту 5 медицина кызматкери жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 1, Жалал-Абад облусунда 1 жана Нарын облусунда 3 медицина кызматкеринде коронавирус табылган.

"Жалпысынан өлкө боюнча 231 медицина кызматкери коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 166 кызматкер стационарлардан айыгып чыккан", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 9-майга карата коронавирус жуктурган 25 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 931ди түзөт. Алардын ичинен 658 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий