• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда бир күн ичинде медкызматкерлер арасында коронавирус жуктурган учур катталган жок

COVID - 19 0

Бишкек, 23.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Кыргызстанда бир күн ичинде медицина кызматкерлери арасында коронавирус жуктурган учур катталган жок. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, бир күн ичинде бейтапканалардан 2 медицина кызматкери айыгып чыкты.

"Жалпысынан республика боюнча медицина кызматкерлери арасында коронавирус жуктурган 273 учур катталды. Алардын ичинен 226 медицина кызматкери коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 23-майга карата коронавирус жуктурган 15 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1365ти түзөт. Алардын ичинен 957 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий