• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда бир күндө 12 миң 814 киши коронавируска каршы эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 17.11.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 12 миң 814 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 5 миң 998 адам вакцинанын биринчи дозасын, 6 миң 816 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 50 миң 51 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 830 миң 720 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий