• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда бир күндө 14 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 14.09.21. /Кабар/. Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 14 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 14 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкектин Улан кичирайонунда гараж кооперативинин аймагында ВАЗ 2107 үлгүсүндөгү жеңил унаасынын багаж бөлүгү күйгөн.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Курук-Көл айылында жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн жана бастырманын 155 чарчы метр чатыры, 200 түк чөп жана 1 куб отун күйгөн. Өрт электр зымдарынын кыска чыңалуусунан келип чыккан.

Ал эми Ысык-Көлдүн Түп айылынын жол боюнда токтоп турган “Ауди С4” үлгүсүндөгү жеңил унаанын мотор бөлүгү күйгөн.

Пикир

Оставить комментарий