• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда бир күндө 18 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 24.06.21. /Кабар/. Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 18 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 21 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бишкектин Ак-Тилек конушунун Ат-Ойнок көчөсүндө короодо токтоп турган Audi-100 жеңил унаасы толугу менен күйгөн.

Жалал-Абад шаарынын Курманбек көчөсүндөгү “ВЧИЕК” ЖЧКсынын убактылуу колдонулбаган жатаканасынын 135 чарчы метр ички жасалгасы толугу менен күйгөн. Ошондой эле анын 300 чарчы метр атыры күйгөн.

Ал эми Сузак районунун Ынтымак айылында жыгач устундуу шифер жабылган бастырманын 16 чарчы метр чатыры, 1 куб метр тезек жана 500 кг отун күйгөн. Өрт отко этиятсыз мамиле кылуудан пайда болгон.

Пикир

Оставить комментарий