• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда бир күндө эки ирет жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 30.08.22. /Кабар/. Кечээ, 29-августта Кыргызстандын түштүк аймагында эки ирет жер титиреди. Бул тууралуу КР Сейсмология институтунун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, саат 14:11де Талас облусунун аймагында 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Анын очогу Талды-Булак айылынан түштүк-чыгышка карай 11 км, Токтогул районунан түндүк-чыгышка карай 54 км, Талас шаарынан түштүк-чыгышка карай 74 км аралыкта жайгашкан.

Ошол эле күнү 23:47де Ош облусунун аймагында дагы жер титиреген. Жер титирөөнүн очогу Жаңы-Асык айылынан 3 км түштүк-чыгышта, Куршаб айылынан 12 км түштүк-батышта, Кара-Суу айылынан 17 км түштүк-чыгышта, Ош шаарынан 25 км түндүк-чыгышта жайгашып, күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Жаңы-Асык, Сары-Колот, Жар-Ооз, Кызыл-Сенгир, Отуз-Адыр айылдарында 3 балл, Правда, Кара-Суу, Киров, Мады, Кызыл-Ордо, Кара-Жыгач, Курбу-Таш, Савай, Куршаб айылдарында 2,5 балл сезилген.

Пикир

Оставить комментарий