• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда бир күндө өспүрүм кыз жана эркек киши сууга чөгүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 28.06.22. /Кабар/. Кыргызстанда бир күндө эки адам сууга чөгүп каза болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Балыкчы шаарынын Толкун суу жээгинде кечээ, 27-июнда 16 жаштагы Ч.А., атуу кыз сууга чөгүп кеткен. Жерине жети куткаруучу тартылып, издөө иштеринин натыйжасында саат 19:20да сөөк суудан чыгарылган.

Ал эми Нарындын Ат-Башы районунда 27-июнь күнү 47 жаштагы К. уулу Ш., аттуу эркек киши Чет-Келтебек тилкесине мал издегени кеткен бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат “102” кызматынан түшкөн.

Жерине беш куткаруучу, 11 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылып, аталган жарандын сөөгү Чет-Келтебек суусунан табылып, туугандарына өткөрүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий