• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кыргызстанда бир сутка ичинде 11 өрт кырсыгы катталды — ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 09.03.20. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында бир сутка ичинде 11 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирет.

Ведомстводон билдиришкендей, Бишкек шаарында - 2, Ош шаарында - 2, Ош облусунда - 1, Чүй облусунда - 3, Жалал-Абад облусунда - 2 жана Баткен облусунда - 1 өрт катталып, аларды өчүрүүгө 13 бөлүм тартылган.

Алсак, Бишкектеги Лесхозный көчөсүндө "Субару Форестер" үлгүсүндөгү автоунаа күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. Андан тышкары, Киев көчөсүндө жайгашкан ресторандардын биринин тартылма шыбы жана ичиндеги буюмдары күйгөн.

Ош шаарындагы Жапалак айыл аймагына караштуу Ташиев көчөсүндө турак үйдөн өрт чыгып, жалпы аянты 90 чарчы метр чатыры жана үй буюмдары күйүп кеткен. Тилсиз жоонун келип чыгуу себеби азырынча белгисиз.

Пикир

Оставить комментарий