• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда бир сутка ичинде 125 бейтап коронавирустан айыкты. Жалпы 2655

COVID - 19 0

Бишкек, 03.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир сутка ичинде 125 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

"Сутка ичинде Бишкек шаарынан 44, Чүй облусунан 7, Ош облусунан 15, Ош шаарынан 42, Нарын облусунан 6, Жалал-Абад облусунан 7, Талас облусунан 1, Баткен облусунан 3 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 2655 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды", - деп билдирди ал.

Акматова кошумчалагандай, ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыккан.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүн дагы коронавирус жуккан 506 жаңы учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктургандардын саны 6767ге жетти. Коронавирус жуктурган 76 адам (+10 учур бүгүн катталды) каза болду.

Пикир

Оставить комментарий