• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда бир сутка ичинде 151 бейтап коронавирустан айыкты. Жалпы 3387

COVID - 19 0

Бишкек, 12.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир сутка ичинде 151 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

"Сутка ичинде Бишкек шаарынан 17, Чүй облусунан 96, Ош облусунан 3, Ош шаарынан 5, Баткен облусунан 15, Жалал-Абад облусунан 9, Нарын облусунан 5, Талас облусунан 1 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 3387 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды", - деп айтылат маалыматта.

Штабдан кошумчалашкандай, ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыккан.

Пикир

Оставить комментарий