• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстанда бир сутка ичинде 2 адам сууга чөгүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 18.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда бир сутка ичинде 2 адам сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сокулук районунун Күн-Туу айылындагы "Быстроток" каналына 62 жаштагы аял киши чөгүп кеткен. Жерине келген куткаруучулар маркумдун сөөгүн суудан алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Андан тышкары, Жумгал районунун Арал айылындагы Көкөмерен дарыясына 55 жаштагы эркек чөгүп кеткен. Издөө иштерине 16 куткаруучу тартылган, бирок караңгы киргенине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган. Издөө иштери бүгүн, 18-июлда кайрадан уланууда.

Пикир

Оставить комментарий