• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда бир сутка ичинде 22 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 17.12.18. /Кабар/. Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 22 өрт кырсыгы катталган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, өрттөрдү өчүрүүгө 24 бөлүм тартылган.

Алсак, Бишкектеги Арча-Бешик конушундагы Ахунбаева жана Шабдан көчөсүнүн кесилишинде экскаватордун кыймылдаткыч бөлүгү жана салону күйгөн. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылынын Пионер көчөсү №140 дарегинде жайгашкан турак үйдүн мешинен өрт чыгып, 3 чарчы метр полу күйгөн. Өрттүн себеби - отко этиятсыздык менен мамиле кылуу.

Ысык-Көл районунун Сары-Ой айылындагы эс алуучу жайдын ичинде пластик менен жабылган ашкананын шыбы күйгөн. Өрттүн себеби электр ширетүү иштерин жүргүзүүдө өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу.

Пикир

Оставить комментарий