• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда бир сутка ичинде 30 бейтап коронавирустан айыкты. Жалпы 2011

COVID - 19 0

Бишкек, 21.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир сутка ичинде 30 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"Сутка ичинде Чүй облусунан 5, Нарын облусунан 9, Ош облусунан 10 бейтап, Жалал-Абад облусунан 2, Ысык-Көл облусунан 4 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 2011 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды", - деп билдирди ал.

Үсөнбаев кошумчалагандай, ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыккан.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүн дагы коронавирус жуккан 170 жаңы учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктургандардын саны 3151ге жетти. Коронавирус жуктурган 37 адам (+2 учур бүгүн катталды) каза болду.

Пикир

Оставить комментарий