• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда бир сутка ичинде 5 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 08.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Кыргызстанда бир сутка ичинде 5 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда бир медкызматкер илдетке кабылган. Ал эми стационарлардан сутка ичинде 7 медкызматкер айыгып чыгарылды.

"Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 400 учур катталды, алардын ичинен 282 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 8-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 2032 учур катталды. Алардын ичинен 400ү медицина кызматкери. Илдеттен 1445 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 23 (+1 учур бүгүн катталды) адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий