• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда бир сутка ичинде 50 бейтап коронавирустан айыкты. Жалпы 2212

COVID - 19 0

Бишкек, 27.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир сутка ичинде 50 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

"Сутка ичинде Бишкек шаарынан 26, Чүй облусунан 5, Ош облусунан 7, Ош шаарынан3, Жалал-Абад облусунан 3, Нарын облусунан 6 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 2212 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды", - деп билдирди ал.

Каратаев кошумчалагандай, ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыккан.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүн дагы коронавирус жуккан 309 жаңы учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктургандардын саны 4513кө жетти. Коронавирус жуктурган 46 адам (+3 учур бүгүн катталды) каза болду.

Пикир

Оставить комментарий