• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда бир сутка ичинде 65 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 07.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир сутка ичинде 65 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"Сутка ичинде Бишкек шаарынан 8, Нарын облусунан 30, Ош облусунан 7, Ош шаарынан 18, Жалал-Абад облусунан 1, Ысык-Көл облусунан 1 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 1425 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды", - деп билдирди ал.

Үсөнбаев кошумчалагандай, ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыккан.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүн дагы коронавирус жуккан 33 жаңы учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктуруунун 2007 учуру катталды. Коронавирус жуктурган 22 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий