• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда бир сутка ичинде 7 өрт кырсыгы катталды — ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 06.03.20. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында бир сутка ичинде 7 өрт кырсыгы катталган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Бишкек шаарында - 3, Чүй облусу боюнча - 3, Нарын облусунда - 1.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, өрттү өчүрүүгө жалпы жети бөлүм тартылган.

Алсак, Бишкек шаарынын Ибраимов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде кире бериш бөлмөнүн 6 чарчы метр дубалы күйгөн. Өрттүн кесепетинен 5 адам эвакуацияланган, анын ичинен экөө кан басымдары жогорулап, тез жардам кызматына кайрылышкан. Өрттүн себеби - электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушу.

Ошондой эле Чүй облусундагы Кара-Балта шаарында кароосуз калган эки кабаттуу үйдөн өрт чыгып, бир бөлмөнүн 10 чарчы метр аянты жана таштанды күйгөн. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Андан тышкары, Нарын шаарындагы Жунусов көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан. Тилсиз жоодон үйдүн 80 чарчы метр шыбы, дубалы жана үй буюмдары күйүп кеткен. Өрт электр зымдарынын кыска чыңалуусунан келип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий