• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда бир сутка ичинде 73 бейтап коронавирустан айыкты. Жалпы 2443

COVID - 19 0

Бишкек, 01.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир сутка ичинде 73 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

"Сутка ичинде Бишкек шаарынан 30, Чүй облусунан 13, Ош облусунан 1, Ош шаарынан 20, Нарын облусунан 2, Жалал-Абад облусунан 7 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 2443 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды", - деп билдирди ал.

Каратаев кошумчалагандай, ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыккан.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүн дагы коронавирус жуккан 439 жаңы учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктургандардын саны 5735ге жетти. Коронавирус жуктурган 62 адам (+5 учур бүгүн катталды) каза болду.

Пикир

Оставить комментарий