• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстанда бир сутка ичинде 73 бейтап коронавирустан айыкты. Жалпы 2916

COVID - 19 0

Бишкек, 07.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир сутка ичинде 73 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

"Сутка ичинде Бишкек шаарынан 29, Чүй облусунан 8, Ош облусунан 10, Ош шаарынан 17, Баткен облусунан 2, Жалал-Абад облусунан 4, Талас облусунан 3, бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 2916 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды", - деп билдирди ал.

Акматова кошумчалагандай, ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыккан.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүн дагы коронавирус жуккан 450 жаңы учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктургандардын саны 8141ге жетти. Коронавирус жуктурган 99 адам (+7 учур бүгүн катталды) каза болду.

Пикир

Оставить комментарий