• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда бир сутка ичинде 8 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 12.09.19. /Кабар/. Өткөн суткада Кыргызстан боюнча 8 өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүүгө 9 бөлүм тартылган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Алсак, Бишкек шаарынын Садыгалиев көчөсүндө ачык аянтта 150 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Орловка шаарындагы Киров көчөсүндө аянты 35 чарчы метр сарай толугу менен күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуу себеби тактала элек.

Ошондой эле, Нарын облусундагы Кара-Ой айылынын Койтиев көчөсүндөгү короолордун биринде 600 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби - тамеки тартуудагы этиятсыздык.

Пикир

Оставить комментарий