• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда бир сутка ичинде 87 бейтап коронавирустан айыкты. Жалпы 2530

COVID - 19 0

Бишкек, 02.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир сутка ичинде 87 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

"Сутка ичинде Бишкек шаарынан 17, Чүй облусунан 15, Ош облусунан 3, Ош шаарынан 25, Нарын облусунан 5, Жалал-Абад облусунан 16, Талас облусунан 6 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 2530 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды", - деп билдирди ал.

Акматова кошумчалагандай, ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыккан.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүн дагы коронавирус жуккан 526 жаңы учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктургандардын саны 6261ге жетти. Коронавирус жуктурган 66 адам (+4 учур бүгүн катталды) каза болду.

Пикир

Оставить комментарий