• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда бир суткада 1 миң 181 адам коронавируска каршы эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 13.12.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 1 миң 181 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 583 адам вакцинанын биринчи дозасын, 598 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 160 миң 968 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 942 миң 368 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий