• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда бир суткада 10 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 18.01.19. /Кабар/. Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 10 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 10 бөлүм тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, Бишкектеги Кара-Жыгач жаны конушунда турак үйдөн өрт чыгып, үйдөн 25 чарчы метр чатыры күйгөн.

Өрттүн келип чыгуу себеби жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү.

Оштогу Жим көчөсүндөгү №2 көп кабаттуу турак үйгө караштуу темир гараждын ичинде 1 даана стол жана электр чайнек күйгөн.

Өрт тиричилик электр шаймандарын колдонууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушунан келип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий