• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда бир суткада 11 миң 287 адам коронавируска каршы эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 14.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 11 миң 287 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 6 миң 51 адам вакцинанын биринчи дозасын, 5 миң 236 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 888 миң 484 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 672 миң 98 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий