• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда бир суткада 11 өрт катталып, Майлуу-Сууда пенсионер каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 16.04.19. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы сутка ичинде 11 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын Садовое көчөсүндө турак жай толугу менен күйүп, 1949-жылкы Т.И., аттуу жаран көз жумган. Өрттүн себеби такталууда.

Ысык-Ата районунун Кант шаарынын Горький көчөсүндө жайгашкан имараттын 500 чарчы метри күйүп кеткен. Себеби такталууда.

Ошондой эле Ош шаарынын Төлөйкан кичирайонунда 5 кабаттуу үйдүн ичинде тамеки чегүүдө коопсуздукту сактабагандыктан төшөктөр күйүп кеткен.

Ал эми Жайыл районунун Кара-Балта шаарындагы Западный көчөсүндө “БМВ – 320” үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий