• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда бир суткада 11 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 21.12.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир сутканын ичинде 11 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 15 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 2, Ош шаарында 1, Ош облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2, Чүй облусунда 1, Талас облусунда , Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Бишкек шаарынын Биринчи май районунда турак үйдүн бөлмөсүнүн 30 чарчы метр шыбы, жыгач дубалы жана үй буюмдары күйгөн. Өрт электр зымдарынын кыска чыңалуусунан келип чыккан.

Бишкек шаарынын Октябрь районунда Mazda үлгүсүндөгү унаа толугу менен жана жанындагы Fit үлгүсүндөгү унаанын 2 фарасы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал–Абад облусунун Ноокен районундагы Масы айылында турак үйдүн бөлмөсүнүн 20 чарчы метр ички жасалгасы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жалпы аянты 50 чарчы метр болгон жыгач устундуу шифер менен жабылган жайкы ашкана толугу менен күйгөн. Өрт отко этиятсыз мамиле кылуудан келип чыккан.

Баткен облусунун Баткен районундагы Чек айылында турак үйдүн бөлмөсүнүн 29 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий