• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда бир суткада 12 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 15.06.22. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада 12 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 1, Ош шаарында 3, Чүй облусунда 4, Баткен облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 2 өрт катталып, аны өчүрүүгө 15 бөлүм тартылган.

Алсак, Жалал-Абад шаарынын Достук кичи районунун Эргашалиев көчөсү, №59 дарегинде жайгашкан жыгач устундуу тыныке менен жабылган 2 кабаттуу сарайдын чатыры, мончонун 72 чарчы метри чатыры жана 50 түк чөп күйгөн. Өрт Р.Абдыкадыров көчөсүнүн №2 дарегинде жайгашкан турак үйгө өтүп, аянты 88 чарчы метр турак үй толугу менен, 45 чарчы метр времянка, гараж, бастырма, үй тиричилик буюмдары жана 200 түк чөп, жана Эргешалиев көчөсү №61 дарегинде жайгашкан 2 кабаттуу сарайдын 45 чарчы метр чатыры жана теректер күйгөн.

Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жана каза болгондор жок.

Ош шаарындагы Курманжан-Датка көчөсүндөгү “Домашний кондитер” шириндик саткан дүкөндүн ичинде 2 чарчы метр дубалы жана электр эсептегчи күйгөн. Өрттүн себеби: электр эсептегичтин кыска туташуусу.

Пикир

Оставить комментарий